"Кыргызстандагы ар бир районго жана шаарга жок дегенде бирден “Тез жардам” унаасы берилет". Бул тууралуу 20-майда парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди. Анын айтымында, Милдеттүү камсыздандыруу фонду тарабынан “Тез жардам” унаасын сатып алууга тендер өткөрүлгөн. “2-3 айдын аралыгында унаалар алынып келинет”,- деди министр. Эске сала кетсек, бүгүн парламенттин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2012-жылга болгон отчётун угууда.