Нарын. Нарын шаарында “Энелер күнү” белгиленди

20-май күнү Нарын шаарында "Энелер күнүнө" арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чараны Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев ачып, "Эне-чыныгы турмуш туткасы. Кыргыз эли илгертен эле энелерге кадыр-барк менен мамиле жаса,п мээримин төгүп келген. Кымбаттуу энелер! Жашоо жарчысы, үй куту болуу менен,  өз эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, жаз айындай дайым жаш, дайым сулуу болуңуздар",- деген куттуктоо сөзүн айтты.

Андан соң өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Эрмек Турсуналиев куттуктоолорун айтышты. Салтанатка келген апаларга гүлдестелер тапшырылып, шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюшулган концерттик программа тартууланды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан