22-24-май күндөрү Бишкекте "Айыл-агро-2013" эл аралык айыл чарба көргөзмөсүн өткөрүү үчүн эски аянтта соода күркөлөрү орнотулуп, техникалар ташылып келүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жалпы аянты 2000 чарчы метрди түзгөн көргөзмө аянтында Орусия, Италия, Германия, Кытай, АКШ жана Түркиянын 25 компаниясы өз өндүрүмдөрүн тартуулайт. Аталган көргөзмөдө трактор, комбайн, майдалоочу, жем жыйноочу машинадан тышкары азык-түлүк өндүрүүчү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү жабдыктар, үрөн өндүрүүчү, мал чарбасына керектүү жана уруктандыруучу алдынкы технологиялар да көрсөтүлөт. Көргөзмөнүн расмий ачылышы эртең, 22-майда саат 10:00дө Бишкектеги эски аянтта болот.