21-24-май күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

ӨКМнын басма сөз кызматынын шашылыш билдирүүсүнө ылайык, 21-24-майда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. 21-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Шамал батыштан секундасына 4-9 метр ылдамдыкта, кээ бир райондордо 15-20 метр ылдамдыкта согот. Ысык-Көл акваториясында 19-24 метр ылдамдыкка чейин жетет. 22-майда түнкүсүн айрым жерлерде, 23-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. 21-майда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан