Төрага Асылбек Жээнбеков манасчылар тобу менен жолугушту

Төрага Асылбек Жээнбеков 20-майда “Манас-Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Баткен Шерниязов баштаган манасчылар тобу менен жолугушту. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, анда төрага “Манас” эпосунун кыргыз эли үчүн баалуу, барктуу рухий дөөлөт экендигине токтолуп, “Манас-Мурас” коомдук фондунун демилгеси менен болуп өткөн эки күндүк манасчылык өнөр боюнча эл аралык фестивалдын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жолугушууда манасчы Базарбай Сөлпиев улуу эпостун мындан ары да муундан муунга сакталып калышына манасчылар ордосун түзүү жана улуу эпосту жайылтуу максатында оозеки чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча бала бакчалардын, мектептердин окутуу программаларына киргизүү, “Манас” үчилтигине тиешелүү аталыштарга аяр мамиле жасоо, тактап айтканда, ичимдиктерге, тамекилерге алардын атын ыйгарбоо боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу зарылдыгын айтты. Маалым болгондой, быйыл жайында эпосту жайылтуу максатында “Манас-Мурас” фондусунун демилгеси менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында эки ай бою “Манас” айтуу болот. Асылбек Жээнбеков депутаттар тарабынан “Манас” эпосуна байланыштуу аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, аталган фонддун эки ай “Манас” айтуу демилгесин колдоо максатында төрага фондунан бул иш-чарага материалдык жардам көрсөтүлө тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан