21-майда Бишкекте жана Ошто ар кандай себептер менен окуусун токтотуп койгон мектеп окуучулары үчүн кечки окуу класстарын ачуу маселелери талкууланат. Талкууга Билим берүү жана илим министрлигинин жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда эл аралык уюмдар менен министрлик биргеликте кечки окуу класстарын дагы күндүзгү билим берүүнүн базасында ишке киргизүү боюнча биргелешкен долбоорун ишке ашыруу башталды. Кошумчалай кетсек, өкмөттүк эмес уюмдардын иликтөөсүнө ылайык, 2008-жылы мектеп курагындагы балдардын 6 пайызы мектепке барышкан эмес.