Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында сарымсак жыйноо кызуу жүрүүдө. Мындай маалыматты "Элдик кабарга" окурман жиберди.
"Биз 1 гектар жерге сарымсак айдаганбыз. Үрөнгө 2 тонна сарымсак кеткен. Андан кайра 15 тонна түштү. Жаман эмес, килограммын 110 сомдон баалап жатабыз. Жалпы 300 миң сомдой каражат сарптаганбыз", - дейт окурман.
Ошондой эле талааларда түшүм жыйноо иштерине жумушчулар тартылып, айыл эли убактылуу иш менен камсыз болушууда.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.