Кыргыз балбандары жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат

Финляндиянын Тампере шаарында 1-6-август аралыгында өтө турган күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 14 балбан катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке 74 килограммга чейинки салмак ченинде кадеттер арасында Дүйнө чемпиону жана жаштар арасында 3 ирет Азия чемпиондугун жеңген Акжол Махмудов катышат.

Грек-рим күрөш боюнча курама команда:
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Жоламан Шаршенбеков – спорт чебери;
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Нузупбек Топчубаев – эл аралык категориядагы спорт чебери;
66 килограммга чейинки салмак ченинде: Амантур Исмаилов - спорт чебери;
74 килограммга чейинки салмак ченинде: Акжол Махмудов – спорт чебери;
84 килограммга чейинки салмак ченинде: Калидин Асыкеев – спорт чебери;
120 килограммга чейинки салмак ченинде: Роман Ким – спорт чебери;
Ага машыктыруучу: Шукрат Ушуров.

Эркин күрөш боюнча курама команда:
50 килограммга чейинки салмак ченинде: Акбар Кенжебек уулу – спорт чеберге кандидат;
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Алмаз Саманбеков – спорт чеберге кандидат;
66 килограммга чейинки салмак ченинде: Азис Рыскелди уулу – спорт чеберге кандидат;
74 килограммга чейинки салмак ченинде: Атай Изабеков – спорт чеберге кандидат;
96 килограммга чейинки салмак ченинде: Чыңгыз Керимкулов – спорт чеберге кандидат;
Ага машыктыруучу: Улан Надырбек уулу.

Кыз-келиндер курама командасы:
75 килограммга чейинки салмак ченинде: Айпери Медет кызы – спорт чебери;
67 килограммга чейинки салмак ченинде: Мээрим Жуманазарова – эл аралык категориядагы спорт чебери;
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Назира Марсбек кызы – спорт чебери;
Башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
iliya
2017-07-28 22:21:20
Молодцы баарынарга ак жол,жакшы барып Кыргызстандын желегин желбиретип эн алдынкы орундарга ээ болуп келгиле.Амантур Иним сени менен сыймыктанабыз,дуйно чебери болушунду тилейбиз азаматсын.Кыргызымдын керегине жараган эр азаматтардан бол.
0
ussr7
2017-07-28 23:47:00
Акжол Махмудов,сен алтын медаль алып келишин керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан