"Кыргызстанда парламенттин 75 жылдык мааракеси белгиленет". Бул тууралуу бүгүн, 21-майда ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинде депутат Айнуру Алтыбаева билдирди. Айтымында, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому даяр. “Иш-чаралар бюджеттен бөлүнгөн каражатка өткөрүлөт, уюштуруучулар ашыкча каражат сурабай эле”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле маараке күз айында болору жана шериктеш мамлекеттердин парламентинин төрагалары чакырылары белгилүү болду.