Нарын районуна караштуу Шоро айылынын жашоочулары быйылкы түшүмдөн кол жууп калуудан чочулап турат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда SUPER.KG'нин окурманы билдирди.
Анын маалыматына ылайык, аталган айылдагы Аян-Булак кыштоосундагы арпа, буудай, картошка өсүмдүктөрүн чегиртке басып кеткен.
"Алар күн сайын көбөйүп, күндөн-күнгө түшүмгө зыянын тийгизүүдө. Мындан 20 күндөй мурун чегирткелерге каршы дары чачышкан, бирок ал жардам берген жок. Кайра эле талааны каптап жатат. Эгер тез аранын ичинде чара көрүлбөсө айылдыктар түшүм албай калабыз", - деп жазат ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.