Нарын. Облус башчысы кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын, бирок канааттандырылбаганын айтты

Бүгүн, 21-майда Нарын шаарынын тургундары облус башчысы Канатбек Муратбековду колдоп борбордук аянтка митингге чыгышты. Акциянын катышуучуларына облус жетекчиси чыгып жолугуп, алардын пикирлерин укту. Айта кетсек, бүгүнкү митингдин өтүшүнө "Канатбек Муратбеков кызматтан кетет экен" деген сөздөр себеп болгонун айтышат тургундар.

 

"Менин кызматтан кетишиме бийлик тараптан саясий кийлигишүү жок. Мен кызматтан кетүү маселесин өзүмдүн жеке жашоомо байланыштуу пландарымдан улам көтөрүп, арыз жазуу чечимине келгем. Бирок менин арызымды кабыл алышкан жок. Сиздердин мени колдоп кызматтан кетүүмө каршы чыгып, ишеним көрсөткөндүгүңүздөрдү эске алып, арызымды кайра алууну чечтим. Мен азыр өз кызматымды улантып жатам. Учурда шамалдан кыйраган чатырларды калыбына келтирүү, республикада өтө турган “Айыл агро” айыл чарба көргөзмөсүнө катышуу сыяктуу мамлекеттик иштер боюнча иш алып барып, убакыт абдан тар болуп жаткан учур. Сиздердин уруксат менен жумуш ордума кайтайын, себеби мени “Русс Гидро” компаниясынын өкүлдөрү Нарын дарыясына ГЭСтерди куруу маселесин талкуулоо үчүн күтүп жатышат”,- деди облус башчы.  

  

Митингге чыккандар тарай баштады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан