"Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы өлкөдөн чыгарылгандан кийин бюджеттин тартыштыгын жабууда олуттуу көйгөй жаралбайт. База чыгарылса, өкмөт бюджеттин тартыштыгын жабууну тоо-кен ишканаларынын жана мунайды кайра иштетүүчү заводдордун эсебинен жабууну көздөп жатат. Резерв бар, анткени Кара-Балта жана Токмок шаарларындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор ишке берилет".
Бул сөздү 21-майда маалымат жыйын өткөргөн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев айтты. Ал ошондой эле 2014-жылы Токмок шаарындагы аталган завод иштеп баштай турганын кошумчалады.