31-июлда Биринчи Май райондук сотунда түштөн кийин улантылган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда күбөлөрдүн тергөөдө берген көрсөтмөлөрү окулду.
Сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун көрсөтмөсүн окуду. Абдырахманов "Ата Мекендин" лидеринин жумуш бөлмөсүнөн орус ишкерлерин көргөндүгүн, алар андан "убадаңды аткар же акчаны кайтар" деп Текебаев менен агрессивдүү маанайда сүйлөшүп отургандыгын айтып берген. Ошондой эле сот 1 миллион доллар тууралуу бирөөлөрдөн угуп, тергөөчүлөргө айтканын окуп берди.
Сот Айбек Эрнис уулу Леонид Маевскийдин Бишкекке келгенде, 2010-жылдын май айында "Хаят", 27-30-сентябрга чейин "Голден дракон" мейманканаларына жайгашканын айтты. Маевский көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 6-сентябрында "ВТБ-24" банкындагы өз эсебинен 300 миң доллар алганын билдирген. Бирок банктык документтерде накталай акчаны алганын күбөлөндүргөн кагаздары жок болуп чыкты. Буга байланыштуу, айыпталуучулардын жактоочулары банк системин түшүнгөн адисти чакыртуу өтүнүчүн айтышты. Сот "азыр түшүнүксүз болгон жагдайларды өзүңөргө белгилеп койгула, жарыш сөзгө келгенде айтасыңар" деп көрсөтмөлөрдү окууну улантты. Түштөн кийин улантылган отурумда да тергөөдө чогултулган 8 томдуу материалдар окулду. Соттук иш эртең, 1-августта саат 9:30да улантылат.