Сот Текебаевдин жактоочуларынын дагы бир өтүнүчүн четке какты

Бүгүн, 3-августта Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

Анда жактоочулар сотко Текебаевдин жана Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болуп турган учурда өкмөт үйүндө отурган иш бөлмөлөрүн көрүп чыгуу өтүнүчүн келтиришти.

Өмүрбек Текебаев экөөнүн иш бөлмөлөрүн көрүп чыгып, өзү кайсы бөлмөдө отурганын сотто көрсөтүү маанилүү экендигин айтты. "Маевский бул жерде мени менен Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басарынын иш бөлмөсүндө жолугушканын айтып жатат. Ал айткан иш бөлмөдө мен эмес, Атамбаев отурган да. Ошондуктан Атамбаев кайсы иш бөлмөдө, мен кайсынысында отурганымды көрүп чыгуу керек", - деди Текебаев.

Прокурорлор бул өтүнүчтү четке кагууну суранышты. Сот Текебаевдин жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
toktor89
2017-08-03 11:16:15
Айбандар соттор
+3
KG.Kushtarbek
2017-08-03 11:44:55
Сотторду алмаштырса болбойбукен а
-1
alishsapan
2017-08-03 13:07:13
Эмне эле прокурорлор отунучту четке кагууну сураса сразу макул болот а текебаевтин жакточулары айткан создоруно макул болбойт себеби эмне де
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан