Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык сотунда коррупция боюнча айыпталып жаткан Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соту болмок. Бирок белгиленген соттук жыйын башталарда аны менен кошо Өмүрбек Текебаевдин сотко алынып келиши баарына түшүнүксүз болду.
Бул туурасында SUPER.KG’ге камактагы саясатчы Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
“Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралмак. Бизге аны менен бирге Өмүрбек Текебаевди кошо алып келгени табышмак болду. Көрсө, мамлекеттик айыптоочулар Текебаевдин баш коргоо чарасына бөгөт коюу чечими кайра каралбасын деген максатта шаардык сотко сунуштама беришиптир. Бул боюнча соттук жыйын башталарга аз гана убакыт калганда билдик. Шаардык сот прокуратуранын сунуштамасын канааттандырып, мурдагы соттун 22-майда чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Мыйзамда соттун чечимдери 10 күнгө чейин гана даттанууга жатат. Ал эми прокуратура 20 күн өткөндөн кийин сунуштама берип, аны сот канааттандырып койду. Булар өздөрү мыйзамды одоно бузушту. Биз бүгүнкү соттук жыйындын чечимдери боюнча Жогорку сотко даттанабыз”, - деди Жакупбекова.