22-майда Энергетика жана өнөр жай министри менен Социалдык өнүктүрүү министри бекитилет. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев маалымат жыйында билдирди. Буга чейин маалым болгондой, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Энергетика жана өнөр жай министринин кызматына Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлигин сунуштаган. Өз кезегинде Феликс Кулов аталган кызматка Валерий Дилди көрсөткөн. Ал эми Социалдык өнүктүрүү министрлигине Кудайберген Базарбаевдин талапкерлиги сунушталган.