Бүгүн, 1-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда камактагы депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши улантылды. Отурумда сот Айбек Эрнис уулу тергөөдө чогултулган 8 томдук материалды окуп, эки тарап менен биргеликте иликтеп жатат. Учурда 5-томдогу 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн "Альфа Телекомго" байланыштуу декреттерин, ошол маалдагы депутаттык комиссиянын протоколунун жыйынтыгы окулду.
Сот Эрнис уулу тергөөдө чогултулган материалдарды окуп жатканда сот залында электр жарыгы өчүп калды. Жарык жок залда караңгы болгондуктан отурум 14:00дө улантылмай болду.
Эскерте кетсек, 29-июнда да Текебаев менен Чотоновдун соту башталарда электр жарыгы өчүп, залга эч кимди киргизбей коюшкан.