Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча отурум уланууда.
14:23. Учурда жактоочу Чынара Жакупбековага сөз берилип, ал тергөө учурунда соттук отурумдарда бир катар мыйзам бузууларга жол берилгенин айтты.
Прокуратура кызматкерлери кандай абалда болбосун аларды камакка алууга кызыкдар болгондугун кошумчалады. Жакупбекова ушул ишке катышып жаткан 3 прокурорду процесстен алмаштырууну, Башкы прокурорго ушул прокурорлордун жана шаардык соттун үстүнөн иш козгоо боюнча өтүнүч келтирилди.
Жактоочу Канат Хасанов: "Эгер бул өтүнүч канааттандырылбаса ишти прокуратуранын буйругу катары кабыл алабыз", - деди.
Белгилей кетсек, 22-майда Биринчи Май райондук соту Текебаевдин жана Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтыруу боюнча чечим чыгарган. Андан соң прокурорлор бул чечимди мыйзамдуу жана туура деп таанып берүү өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган. 16-июнда Жогорку Сот бул өтүнүчтү өндүрүштөн кыскарткан.
14:30. Текебаевдин жактоочулары прокурорлор бул менен ыйгарым укуктарынан аша чапты деген пикирди карманууда.
"Жогорку Соттун чечиминин өзү прокурорлордун кайрылуусу туура эмес болгонун далилдейт", - дейт жактоочу. Мындан улам прокурорлордун өтүнүчүн караган шаардык соттун судьясын жана өтүнүч берген 3 прокурордун үстүнөн иш козгоп, процесстен четтетүү өтүнүчү киргизилди.
14:35. Сот кеңешме залына кирип кетти.
14:56. Сот отуруму кайрадан улантылды. Судья жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган жок.
15:03. "Видеокамераларга тартууга уруксат бербеген соң сот залдагы камераларды да алуу боюнча өтүнүч болуп сиз канааттандыргансыз. Бирок залдагы камералар турат. Демек, фото, видеого уруксат берүү боюнча өтүнүч берем канааттандырып бериңиз", - деди Канат Хасанов.
15:30. Соттун жүрүшүндө жактоочулар менен судья Айбек Эрнис уулунун ортосунда талаш маселе жаралды. Текебаевдин жактоочусу К.Хасанов видео-сүрөт тартууга уруксат берүү боюнча өтүнүч берди. Бирок мамлекеттик айыптоочулар бул өтүнүчтү колдошкон жок.
15:35. Судья тараптардын пикирин угуп, өтүнүчтү четке какты. Жактоочу К.Хасанов буга чейин видео, сүрөт тартууга уруксат берилбегенде залдагы камераларды да алуу боюнча өтүнүч бергенин айтты. Анда судья өтүнүчтү канааттандырып, бирок бүгүн процессте камералар турат, демек, фото, видеого уруксат беришиңиз керек деди Хасанов. Судья жактоочу менен макул болгон жок. Ал залдагы камераларды алуу боюнча чечим кабыл албаганын айтты.
15:37. Бүгүнкү отурумда эки өтүнүчү бирдей четке кагылган жактоочулар сот процесси тездик менен жүрүп жатканын айтышты. Ошондой эле бул иште судьянын кызыкчылыгы бар деген пикирин билдиришти. Мындан улам судьяга ишеним көргөзбөө өтүнүчү келтирилди. Сот тараптардын пикирин уккан соң кеңешме залына кирип кетти.
15:42. Жактоочу Канат Хасанов журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Биз күнүнө 3-4 иш карайбыз. Тажрыйбабызга таянып айта алабыз. "Башка иштерди судьялар шашпай карашат. Бирок бул иш өтө тездик менен каралып жатат. Биз далай өтүнүч бердик, канааттандырылган жок. Сырттан башка күбөлөрдү алып келели дедик, судья ага кызыкдар болгон жок. Бул жерде 100 пайыз мыйзамсыз аракеттер жүрүп жатат", - деди Хасанов.
16:07. Сот отуруму башталды. Судья жактоочулардын судьяга ишеним көргөзбөө жана алмаштыруу боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок.
16:22. Өмүрбек Текебаевге сөз берилди. "Эки жыл мурун Алмазбек Атамбаев Европага барганда бүтүндөй Европа Кыргыз өлкөсүн демократия аркылуу тааный турганын айткан. Биздин демократияны саясий системди түзүүчүлөрдүн бири катары мен айтып койгум келет. Демократия - адамдардын укугу тебеленбеши үчүн, бардык жерде саясий атаандаштарга шарт болушу үчүн түзүлгөн. Маевский Кыргызга келгенин, шайлоого байланыштуу экенин өзү ачык айтып койду. Бул жерде элдик парламенттин өкүлдөрүнүн соту бир жылдан бери жүрүп жатат. Менин ишимди сиз эки айда бүтүрүш керек деп жатасыз. Ушунун өзү, менин камалышым президенттик шайлоо менен байланыштуу экенин билдирип турат. Маевский 21-февралда берген көрсөтмөсү менин үстүмөн арыз жазып жаткандыгын президентке ачык байланыштырган. Маевский, Чернов деген Атамбаевдин досу өнөгү аркылуу келгенин айткан. Чернов "Кыргызавтомаштын" акционери, Атамбаевдин өнөгү. Ошондуктан мен жактоочуларымдын өтүнүчүн толук колдойм", - деди Текебаев.
16:39. Жактоочулар Текебаев президенттике талапкер катары БШКга арыз бергенин айтып, Кыргыз Республикасынын жараны Баш мыйзамга ылайык, шайлоого катышуусуна чек коюлбашы керектигин белгилешти. "Мындан улам Ө.Текебаев башка талапкерлер сыяктуу эркиндикте болуп, шайлоо процесстерине катышуусу шарт", - деди Хасанов.
16:41. Мындан тышкары Текебаев шайлоо үчүн күрөөгө акча табууга, кол топтоого, штабдарды ачып, бүт шайлоо кампаниясын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаратуу үчүн да ал эркиндикте болушу маанилүү экенин айтты. "Президенттик шайлоонун жыйынтыгы акыркы 35 күндө эмес, ага чейин эле чечилет. Маселен, спортсмен бир жеңишке жетүү үчүн өмүр бою машыгат. Шайлоо деле ошол сыяктуу. Үгүт иштерине чейин кол топтоо, күрөөгө акча табуу, эл менен жолугуу, команда түзүү мүмкүнчүлүгүмдү чектеп жатасыздар", - деди Текебаев.
16:42. Дүйшөнкул Чотонов жактоочулардын өтүнүчүнө макул экенин айтып "Текебаевдин ордуна мен отуруп берейин", - деди.
16:48. Судья өтүнүчтү кароо үчүн кеңешме залына чыгып кетти.
17:23. Сот отуруму кайрадан уланды. Текебаевдин жактоочулары анын президенттик шайлоого аттанып жатканын белгилеп, баш коргоо чарасын жеңилдетүү өтүнүчүн келтирди. Бирок судья бул өтүнүчтү четке кагып "жогорку инстанцияларга даттанууга жатпайт" деп чечим кабыл алды.
17:35. Залда соттун чечимине нааразы болгон айыпталуучулардын тарапташтарынын бири сотко кайрылып "Сен куурчаксың күнү келгенде жооп бересиң" деп чыгып кетти.
Прокурор ал жаран судьяны сыйлабаганы үчүн тартип сакчыларын аны жазалоого чакырды.
Текебаев прокурорго: "Сен жөн отур. Эгер залда адамдар сотко ишеним көргөзбөсө аны мажбурлап жазалоого прокурор буйрук береби? Бул маселени карай тургандар башка адамдар", - деди.
17:44. "Прокуратура тарабынан 22-майда баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтыруу боюнча сиз чечим кабыл алгансыз. Прокуратура шаардык сотко кайрылган. Биз кайрылган эмеспиз. Бирок шаардык соттун чечимин Жогорку Сот жокко чыгарды. Азыр сиз өзүңүздүн чечим менен Текебаевдин укугун тебелеп жатасыз. Бул жерде Конституциянын атасы отурат, тажрыйбалуу юристтер отурабыз. Биз мыйзамды окушту, чечимдерди чечмелешти билебиз. Азыр бул жерде баш коргоо чарасы боюнча өтүнүчтү берип жатабыз. Биз бул укугубузду пайдалана элекпиз. Ошондуктан биздин укугубузду чектебеңиз", - деди Хасанов.
17:51. Текебаевдин "Мен колумду кандай абалда кармашым керек? Алдыга же аркага, же чөнтөгүмө салышым керекпи? деген суроосуна судья "каалаганыңыздай" деп жооп берди.
"Эмне үчүн менин сөзүмдү буруп прокурор "колуңду тарт!" десе сиз көңүл бурган жоксуз? Судья өзү айтып жатат десе деле унчуккан жоксуз. Сиз буга көңүл бурушуңуз керек", - деди Текебаев.
17:57. "Мен акыркы 25 жылда бардык шайлоого катыштым. 100 миңдеген адамдар шайлашты. Мен эртең президенттик шайлоодо да 100 миңдеген адамдан добуш ала турган адаммын. Ошондуктан сиздер ошончо элдин добушун сыйлашыңар керек. Мен ойлойм сиздин чечимиңиз тарыхый да, саясий да болот. Мен жактоочулардын өтүнүчүн колдойм", - деди Өмүрбек Текебаев.
Сот отуруму эртең, 21-июнда улана турган болду.