Текебаевдин жактоочусу: "Сотко прокурорлор Текебаевге каршы көрсөтмө берчү күбөлөрдү гана чакырып жатышат"

"Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соттук отурумуна прокурорлор күбөлөрдү тандап чакырышууда". Мындай пикирди SUPER.KG порталына Текебаевдин юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Сотко мамлекеттик айыптоочулар күбөлөрдү ким экендигине, кандай көрсөтмө бере турганына карабай бирдей камсыздап бериши керек. Биздин сотто болсо алар Текебаевге каршы көрсөтмө бергендерди гана тандап алып келишүүдө. Мыйзам баарына бирдей болуусу керек. Башында тергөөдө жалпы 25тен ашык күбө көрсөтмө беришкен. "Биз тараптын да күбөлөрүн чакыргыла" деп жактоочулар айтышса, өзүңөрдүкүн өзүңөр камсыз кылып алгыла дешти прокурорлор. Бүгүн 14:00дө келчү күбөлөрдүн тизмесин бердик. Көрөбүз эми, кимдерди алып келишерин", - деди Токтакунова.

Эскерте кетсек, бүгүн сотто күбө катары экс-депутат Жоомарт Сапарбаев көрсөтмө берди. Ал эми дагы бир күбө Өмүрбек Абдырахмановдун жубайы Бейил Айдакеева учурда чет өлкөдө болгондугуна байланыштуу, анын көрсөтмөсүн төрагалык кылуучу сот Айбек Эрнис уулу окуп берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Birimdik5555
2017-07-06 11:57:52
Бул иште АШАнын эле колу бар деп ойлойм,анын доору куздо бутот Кудай буюрса
+1
agent0072609
2017-07-06 11:59:42
Кыргызстанда Сот адилеттуу болушу керек жана прокур дагы. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы иштебей атса Дуйнолук сотко кайрылуу мумкун эмеспи деген суроо туулуп атат да.
+2
ayjara
2017-07-08 02:37:49
сабыр кылайлык туугандар Текебаев тоже не подорк жээмиин оной менен жегизбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан