Текебаевдин сотунда видео көрсөтүлүп жатканда электр жарыгы кайра өчтү

Бүгүн, 2-августта Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

Соттун жүрүшүндө 2010-жылдын 13-майындагы Конституциялык кеңешменин видеосу көрсөтүлдү. Тасмада Текебаевдин саат 17:00дөн өткөндөн кийин отурумга келгени көрсөтүлүп, кайра кеңешмеден кетип жаткан учурун издеп жаткан чакта электр жарыгы өчүрүлдү. Сот электр жарыгы күйгөндөн кийин отурум уланарын айтып тыныгуу жарыялады.

Эскерте кетсек, 29-июнда да Текебаев менен Чотоновдун соту башталарда электр жарыгы өчүп, залга эч кимди киргизбей коюшкан. Ошондой эле кечээ, 1-августта да сот Айбек Эрнис уулу тергөөдө чогултулган материалдарды окуп жатканда сот залында электр жарыгы өчүп калган. Мындан тышкары бүгүн Орусиянын жараны Алексей Модиндин көрсөтмөлөрү тартылган видео көрсөтүлүп жаткан учурда электр жарыгы өчүрүлүп сот жарым саатка тыныгуу жарыялаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RusMos76
2017-08-02 15:51:51
Жарыктык да жактырбай атат жалганды!
+3
Midub
2017-08-02 16:12:07
атайын эле очуруп жатат.
+5
Rozhulun
2017-08-02 16:35:09
Тооба күндө ушул маалдарда өчүп жатабы деймда, эмкисинде движок ала барыңыздарчы
+6
Ergeshov45
2017-08-02 17:03:05
Оппа
+3
Mers124
2017-08-02 17:22:23
Сотту чакырып корсотмо берээрде очуруп салышат
+5
imanberdi98
2017-08-02 18:40:20
Мына кызык тууй атаңды
+3
nursiyanur
2017-08-03 02:35:49
Спектакль
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан