Бүгүн, 1-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши улантылууда. Анда орусиялык ишкер Леонид Маевский менен экс-депутат Өмүрбек Абдырахмановдун беттештирүү маалында тартылган видеосу көрсөтүлдү. Видеону УКМКнын кызматкерлери 2017-жылдын 26-февралында тартканы айтылды.
Тасмада УКМКнын тергөөчүсүнүн иш бөлмөсүндө орус улутундагы 3 адам отурганын жана 2 күбө кошо катышканы көрүнөт. Кийинчерээк бөлмөгө Абдырахманов кирип келгенде, тергөөчү ага кайрылып: "Сиз ушул 3 кишинин ичинен Текебаевдин иш бөлмөсүнөн көргөм деген адамды тааныйсызбы?" - деп сурады. Ал 3 кишинин ортосунда отурган Маевскийди көрсөтүп: "Ооба, мен тааныйм, ортодо отурган киши болчу", - деп жооп берди.
Видео жыйынтыкталганда соттолуучулардын жактоочулары сот Айбек Эрнис уулуна кайрылып: "Беттештирүү видеосунда мыйзамдар бузулган. Себеби Маевскийдин видеокайрылуусун 2017-жылдын 25-февралында мамлекеттик телеканалдардан кайра-кайра көрсөтүшкөн. Ал экөөнү беттештирүү эртеси 26-февралда болгон. Демек, Маевскийди Абдырахманов гана эмес, теледен көргөн ар бир эле адам таанып көрсөтүп бере алмак. Себеби ошол күндөрү ал бүтүндөй өлкөгө таанымал болуп калган эле. Беттештирүү тасмасын жокко чыгарыңыз", - деп айтышты.
Сот "жумуш убактысы бүтүп калгандыгына байланыштуу отурумду эртең улантабыз, өтүнүч боюнча эртең жооп берем" деп жараянды жыйынтыктады.
Эскерте кетсек, саясатчылардын сотунда бүгүн 8 томдук материалдар окулуп бүттү. Алдыда күбө Модиндин видеосунан кийин айыпталуучу тараптын жарыш сөзгө чыгары күтүлүүдө.