Бүгүн, 6-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 11-июлга жылдырылды.
Эртең мененки отурумда прокурорлор күбөлөрдү 14:00гө камсыздап бермек болушкан, бирок белгисиз себептер менен күбөлөр келишкен жок.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова мамлекеттик айыптоочулар күбөлөрдү тандап чакырып жатканын билдирген болчу.