Энергетика жана өнөр жай министрлигине Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлигин ЖКнын тармактык комитети колдоду

ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Энергетика жана өнөр жай министрлигине Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлигин колдоду. Мындай чечим бүгүн, 21-майда комитеттин жыйынында кабыл алынды. Аталган кызматка Артыкбаевдин көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев маалымат берди. Белгилей кетсек, учурда Осмонбек Артыкбаев Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси. Ал эми мурдагы министр Автандил Калмамбетовду кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка 22-апрелде президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан