Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук администрациясы 20-майда "Энелер күнүнө" карата райондогу жардамга муктаж 35 үй-бүлөгө нике күбөлүктөрүн тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Маалыматка таянсак, иш-чарада 35 үй-бүлөгө Ысык-Көл районунун 107 жаштагы тургуну Оңол Алыбаева жана башка баатыр энелер ак баталарын беришти.