22-майда республика боюнча түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +3...+8°C
Талас облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +3...+8°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +22...+27°C, түнкүсүн +8...+13°C
Баткен облусунда күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +6...+11° C
Ысык-Көл облусунда күндүз +15...+20°C, түнкүсүн +4...+9°C
Нарын облусунда күндүз +12...+17°C, түнкүсүн +2...+7°C
Бишкек шаарында күндүз +21..+23°C, түнкүсүн +5...+7 °C
Борбор калаада күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.