Ош мамлекеттик университетинде белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгына карата "Өрнөктүү өмүр" аттуу илимий практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага Ош облусунун жетекчиси Сооронбай Жээнбеков катышып, А.Масалиевдин жасаган иштери жөнүндө сөз сүйлөдү.
Ал эми ОшМУнун ректору Каныбек Исаков мамлекеттик ишмердин басып өткөн өмүр жолу жаштарга өрнөк боло турганын, ал инсандагы тазалыкты, элге берилгендикти бүгүн ар бир жетекчи өзүнө үлгү кылып алса боло турганын баса белгиледи.
Аталган окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Таасилкан Жумабаева А.Масалиевдин 80 жылдык мааракесине карата университетте буга чейин тарбиялык, куратордук сааттар уюштурулуп, тарыхчы окумуштуулар тарабынан илимий баяндамалар даярдалганын жана студенттер дипломдук иштерди жазып жатканын билдирди.