Алмазбек Атамбаев: “Ар бир өлкө өз жолун тандап алат, биз Бажы биримдигине кирүүнү тандадык”

“Ар бир өлкө өз жолун өзү тандап алат. Евро биримдикке кирсек деле кубанычта болмокпуз, бирок биз Бажы биримдигине кирүүнү тандап алдык”,- деди президент Алмазбек Атамбаев 21-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында журналисттер менен болгон жолугушууда. Айтымында, 2015-жылы Кыргызстан Бажы биримдигине кирет деген маалымат азырынча болжолдуу түрдө гана айтылууда. "Биримдикке кире турган датаны дагы тактоо керек. Биз башка коңшулаш өлкөлөр менен да ынтымакта, жакшы мамиледе жашагыбыз келет",- деп кошумчалады президент. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан