Ош шаарында билим берүү кызматкерлери арасында спорттук таймаш болуп өттү

17-18-май күндөрү Ош технологиялык университетинде Ош облусу менен Ош шаарындагы билим берүү кызматкерлери арасында спорттук мелдеш өткөрүлгөнүн аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты – билим берүү кызматкерлеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, спортту өнүктүрүү, мыкты командаларды аныктоо, окутуучу, мугалимдердин ден соолугуна кам көрүү менен дени сак жашоого үндөө болуп саналат. Мелдешке Оштогу ЖОЖдор менен Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Чоң-Алай, Алай, Араван райондорунун билим берүү кызматкерлеринен куралган командалар катышып, волейбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси боюнча таймашты. Жыйынтыгында 1-орунду Ош мамлекеттик университети, 2-орунду Ош технологиялык университети, 3-орунду Ош мамлекетттик социалдык университети алды. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кубок, диплом жана баалуу белектер берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан