Ливандын борбору Бейрут шаарында өткөн "World Next Top Model" сулуулук сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан 17 жаштагы Сусанна Егорян биринчи вице-мисс титулуна ээ болду. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.
“Сынак дээрлик тынч өттү деп айта албайм. Албетте, ызы-чуусу болбой койгон жок. Бирок анын баарын башыма таажы кийген соң унутуп койдум. Учурда өзүм менен сыймыктанып бүтө албай жатам. Мен муну менен токтоп калбастан сөзсүз түрдө алдыга жылам”, - деди ал.
Ал эми “World Next Top Model 2017” байгесин индиялык Шерил Чарлез, экинчи вице-миссти марокколук Далале Газзали жеңип алган.
Сынак 14-июлдан 5-августка чейин өткөн. Ага Кыргыз өлкөсүнөн сырткары Алжир, Англия, Финляндия, Франция, Грузия, Германия, Греция, Венгрия, Италия, Япония жана башка жалпы 50 өлкөнүн сулуулары катышкан.
Сусанна Егорян Бишкекте төрөлүп-өскөн. Буга чейин "Биринчи вице-Дива Кыргызстан-2016" аталса, "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында "Мисс подиум-2017" наамына татыган.