Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан – Борбор Азиядагы эң туруктуу өлкө”

Кыргызстан тууралуу интернет маалымат булактарына чыккан айрым маалыматтар көп нерсени бузуп коюуда,- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында журналисттер менен болгон жолугушууда. “Элестеткиле, инвестор сайтты ачып, Кыргызстандын борборунда электр энергиясы жок экенин окуса, ал бизге келеби?” дейт Атамбаев. Өлкө башчы интернет маалыматтарын тараткан журналисттерден Кыргызстанды сүйүп, өлкөнүн жакшы жактарын ачып көрсөтүүнү суранды. “Кыргызстан – Борбор Азиядагы эң туруктуу өлкө. Мындан ары бизде революциялар болбойт”,- деп кошумчалады мамлекет башчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан