Бүгүн, 21-майда, президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун директор-тескөөчүсүнүн орун басары Мин Жуну кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандын Эл аралык валюта фонду менен өз ара аракетинин негизги өңүттөрү талкууга алынды.
“Сиздер улуттук валютабыздын мааракеси майрамдалып жатканда келгениңиздер төлгөлүү болду. Анткени улуттук валютабызды киргизүү менен биз көз карандысыздыкка карай башкы кадамдарды таштаганбыз. Ал мезгилде Кыргызстанга көмөк көрсөтүү үчүн фонд тарабынан кандай көп нерселер жасалгандыгын биз унуткан жокпуз”,- деп белгиледи мамлекет башчы. Ал эми аталган фонддун өкүлү “Биз Кыргызстан ийгиликтүү өткөн Эл аралык конференциянын кошо уюштуруучусу болгондугуна ыраазыбыз. Анда эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү катышты жана регионду өнүктүрүү келечектери талкууланды. Форумда Кыргызстанда элдин жакшы жашоосу үчүн өлкөнү күчтүү кылуу потенциалы бар деген башкы тыянак чыгарылды”, - деп баса белгиледи.