Ошто мектеп окуучулары сууда агып бара жаткан 3 баланы куткарып калышты

Ош облусунда мектеп окуучулары сууда агып бара жаткан 3 баланы куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Окуя 18-май күнү болгон. Ош шаарындагы Ломоносов атындагы №3-орто мектептин 7-классынын 8 окуучусу Туран кичи районундагы Араван-Ак-Буура каналынан 3 бала сууда агып бара жатканын көрүшкөн. Мындан соң Азамат Бокоев, Сыймык Сагынбеков жана Арслан Сыныбеков аттуу 3 окуучу өз өмүрлөрүн тобокелге салып, каналдагы шар аккан сууга секиришкен. Алар калган окуучулардын жардамы менен сууга агып бара жаткан балдарды куткарып калууга үлгүрүштү. Ошондой эле алар сууга аккан балдардын бирине алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, аны жасалма жол менен дем алдырышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан