21-май күнү ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын өкүлү Нурланбек Баймуратов шаардагы Ломоносов атындагы №3-орто мектепте чакан жыйын өткөрүп, мектептин 8 окуучусуна салтанаттуу түрдө Ардак грамоталарды тапшырды. Буга окуучулардын жасаган эрдиги себеп болду. Эске салсак, аталган мектептин 7-классынын 8 окуучусу Араван-Ак-Буура каналынан сууга агып бара жаткан 3 баланы куткарып калышкан. Адам өмүрүн сактап калгандыгы жана баатырдыгы үчүн окуучуларга ыраазычылык билдирип жатып, “ушундай эр жүрөк балдардан келечекте өлкөбүздөн татыктуу жарандары өсүп чыгат”,- деди Баймуратов.