22-майдагы ЖКнын жыйынында Осмонбек Артыкбаевди Энергетика жана өнөр жай министрлигине, Кудайберген Базарбаевди Социалдык өнүктүрүү министрлигине дайындоо маселесин кароого премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин келбегенин депутаттар сынга алышты. Депутат Исмаил Исаков премьер-министр өзү келген соң гана министрлер тууралуу маселени кароо сунушун айтты. "Өкмөт башчы аянтта айыл чарба техникаларын тапшырганы жатат" деп жатасыңар. Бул техникаларды дыйкандар өз каражатына сатып алып жатпайбы? Элдин башын айлантып эмне кереги бар? Бул маселени бүгүн карабайбыз",- деди Исаков. Бул сунушту төрага Асылбек Жээнбеков добушка коюп, жыйынтыгында министрлерге байланышкан маселени кароо чечими кабыл алынды.