22-майдагы ЖКнын жыйынында Энергетика жана өнөр жай министрлигине сунушталган Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлиги жактырылды. Артыкбаевге 105 депутат "макул" деген добуш берип, "каршы" добуш бергендер болгон жок. Белгилей кетсек, учурда Осмонбек Артыкбаев Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси.