Текебаевдин сотуна Роза Отунбаева келди

Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Отурумда айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаевге жарыш сөз берилди.

Отурумга Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева келди. Учурда соттук отурумда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Аида Салянова, Наталья Никитенко, Сайдулла Нышанов, Каныбек Иманалиев, Эмил Токтошев маалымат каражаттары жана айыпталуучунун жакын туугандары күбө болууда.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Talantbargy
2017-08-11 15:38:04
Ак ийилет бирок сынбайт.Азыркы заманда бул Макал да кучун жоготуп бараткандай.
+8
Ayida
2017-08-11 16:22:47
Текебаев деги Аллахтын окумдору сакал даават хиджабка каршы болбоду беле?Айтор динге каршы эмес болгон болсо жакшы болот болбосо айтуу кыйын
-4
jbolotov
2017-08-11 20:11:58
Ayida,Бул киши кудай буйруса деп суйлогон бир кызматкерди кекеткенда, Качан кудайын буйруйт деп? Эми озу буйруса деп суйлогонду уйроноор. Л
0
BakytAliev
2017-08-11 16:37:17
Теке биир бошонуп кетсе баарынды жаман капа кылат гоо жипти алыыс таштап ойлонбой атасынар да
+7
jbolotov
2017-08-11 20:14:58
Бийликтеги тийиштуу органдар Отунбаеваны сурака алса жакшы болмок, бул апчебизде иш толтура дешетко, бир жылда мултимилионнер болгонун казыш керек.
+2
bakulya2015
2017-08-11 22:24:58
Ак ийилет бирок сынбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан