Парламенттин депутаты Аида Салянова 13-июлда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот отурумунда күбө катары көрсөтмө берди.
Салянованын көрсөтмөсү буга чейинки күбөлөр Роза Отунбаева, Эмил Каптагаев, Данияр Нарымбаевдикинен айырмаланган жок. 2010-жылдын 13-майында Текебаев эртеӊ менен "Хаят" мейманканасында тегерек столго, түштө Убактылуу өкмөттүн жыйынына, кечке маал "Ак Кеме" (мурдагы "Пинара") мейманканасында Конституциялык кеӊешмеге катышканын ырастады. Суроо-жооп бүткөндөн кийин депутат сотко төрагалык кылуучу сот Айбек Эрнис уулун адам бойдон калууга чакырды.
"Ар бир эненин тилеги болот, "балам адам болуп чоӊойсун" дейт. Урматтуу сот, сизге айтам, адамды айбандан айырмалап турган нерсе - адамдын позициясы. Сизде позиция болушу керек. Саясий буйрукту аткарам деп энеӊиздин ак сүтүн актабай, айбан болуп калбаӊыз", - деди Салянова. Бул сөздөр айтылып жатканда сот Айбек Эрнис уулу Саляновага өз алдынча сүйлөөгө укугу жок экенин эскертип жатты.