Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешинин депутаттары 17-майда жыйын өткөрүп, анда “ата журтчу” депутат Камчыбек Ташиевге "Кыргыз эл баатыры" наамын берүү боюнча өлкө жетекчилерине сунуш жөнөтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу аталган айылдык кеңештин депутаттары билдирди.
“Бул наамды Камчыбек Ташиевге 2010-жылы Ош окуясында мамлекеттин биримдигин, элдин келечегин сактоодо тайманбаган эрдиги үчүн берүү керек”,- дешет депутаттар. Маалыматка ылайык, айылдык кеңештин мындай сунушу президент Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго жөнөтүлгөн.