Ош облусунун Ноокат районунда мал уурулук менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 15-июнунда Ноокат районунун 42 жаштагы А.Ж. аттуу жергиликтүү жашоочусу 3 баш ую уурдалгандыгын милицияга кабарлаган.
Аталган факт боюнча 165-берененин негизинде (мал уурдоо) кылмыш иши козголгон.
"Кылмыш ишине шектелип 32 жаштагы М.Д., 30 жаштагы А.А., 25 жаштагы З.Б., 23 жаштагы Ж.З., 22 жаштагы О.А. жана 18 жаштагы У.Ф. аттуу Ош облусунун жашоочулары кармалган. Тергөө учурунда кармалган жарандардын мал уурдоо боюнча дагы 8 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган. Азыркы убакта жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда", - дейт басма сөз кызматы.