Парламенттин 22-майдагы жыйынында автоунаалардын айнектерин акча төлөп караңгылатууга жол берген мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Данияр Тербишалиев бул мыйзам кабыл алынып калса, мамлекеттик казынага кошумча киреше түшөрүн билдирди. Айтымында, чакан унаалардын терезесин караңгылатуу үчүн 5 миң сом, ал эми чоң унааларга андан жогору өлчөм каралууга тийиш. Андан түшкөн каражат толугу менен жол оңдоого жумшалат.