Бүгүн, 22-майда Бишкектеги эски аянтта “Айыл-агро-2013” аттуу агрардык өнөр жай жана айыл чарба көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө АКШ, Германия, Кытай, Түркия, Италия, Беларусь, Польша мамлекеттеринен алынып келинген техникалар коюлду. Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген дыйкан, фермерлер катышып, чет элдик компаниялардын өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышып, айрымдары айыл чарба техникаларын сатып алуу келишимин түзүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага жалпысынан 6 миңдей фермер катышат. Ошондой эле өлкөнүн аймактарынан келген жеке ишкерлер өз өндүрүмдөрүн көргөзмөгө коюшту. Мындан сырткары Бишкек шаардык мэриясы тарабынан аянттын бир капталында “Бишкек жазы-2013” фестивалынын лауреаттарынын концерти тартууланууда. Эске сала кетсек, аталган көргөзмө 3 күнгө созулуп, 24-май күнү соңуна чыгат.