Жалал-Абаддык 3 жаран “кутурма оорусу менен оорушу мүмкүн” деп ооруканага жаткырылды

20-майда Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Үңкүр айылынын 3 тургуну “кутурма оорусу менен оорушу мүмкүн” деп Базар-Коргон аймактык ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда оорулуулардын абалы орточо, аларга кутурма оорусуна жана жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, оорулууларды Кара-Булак жайытынан ит тиштеп алгандыгы белгилүү болгон. Азыр ал ит атылып, кутурма оорусунун бар же жок экендигин тактоо үчүн өлүгү ветеринардык кызматка өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан