Бүгүн, 16-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Отурумда Текебаевдин жактоочуларынын бири Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн сүйлөп бүттү. Ал тергөө материалдарында күбөлөр Леонид Маевский жана Алексей Модиндин көрсөтмөлөрүндө бир катар дал келбөөчүлүктөр бар экенин айтып, бир да далилдер табылбаганын негиздеп, соттон ишти калыс жана адилет чечим чыгарып беришин сурады.
Мындан ары жарыш сөздү Текебаевдин дагы бир жактоочусу Канат Хасанов улантат.