Сотто Текебаев менен Маевский жолугушкан деп айтылган күндөрдө алардын телефондук сүйлөшүүлөрү жок болуп чыкты

Бүгүн, 1-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши улантылууда. Учурда тергөөдө чогултулган материалдар сот тарабынан окулуп илектенип жатат.

Буга чейин Маевский банктагы өз эсебинен 300 миң долларды алганын көрсөтмөсүндө жазып берген. Бирок бүгүнкү сотто "ВТБ-24" банкынан алынган документтерде Маевскийдин 2010-жылдын 6-сентябрындагы банктан алган акча каражатына байланыштуу экономикалык терминдер айыпталуучу тарапка түшүнүксүз болду. Жактоочу Бакыт Жумашев: "Бизге айрым сөздөр түшүнүксүз болууда. Бул терминдин маанисин чечмелеп берүү үчүн сотко Улуттук банктан адис чакыртууңузду өтүнөм", - деп кайрылды сотко.

Сот Айбек Эрнис уулу өтүнүчтү ачык калтырып, 3 күндүн аралыгында чечип берерин айтты.

Мындан тышкары соттун жүрүшүндө жабырлануучу менен айыпталуучу тараптын телефондук сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматтар айтылды. Текебаев ушул жерден тактоо киргизип протоколго түшүрүп коюуну өтүндү. "2010-жылдын 13-майында жана 21-декабрында Маевский менен Модин мени менен жолугушкам деп айткан. Бирок жолугушууну болжоо үчүн да алдын ала сүйлөшүү болуш керек. Мобилдик компаниялардан алынган тактамаларда алар мени менен сүйлөшпөгөндүгү көрүнүп турат. Ошондуктан ушул жерин эсиңизге салып койгум келет", - деди Текебаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
CAAT
2017-08-01 16:51:06
Жолукса чыгабы озу
+3
Alberttoo
2017-08-01 17:26:24
Эптеп жалган жалаа менен соттоп, Модин, Маевский калпы менен каматып койо турган болсо. Анда бул бийлик алсыз бийлик экенин даана коргозот.
+6
Sabway
2017-08-01 17:26:39
Кыскасы соттун айласы кетип аткан кези экен да, тез эле соттолушуп тез эле акталып кетишет.
+4
Ulan2601
2017-08-01 18:10:48
Кыргызстанда акыйкаттык жок!! Же соттор элдерди тупой деп ойлойбу коруп билип турасын куноо кимде экенин элди калп эле алдай беришеби
+2
alishsapan
2017-08-01 18:54:23
Бизде соттор ушундай иштеп уйронуп калганда конституцияны текебаев жазган болсо булар болсо соттоп салабыз деп журот текебаев ни дурак
+2
tilek121277
2017-08-02 00:04:36
Уят го соттор эми эсинер барда этегинери жапкыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан