Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Соттук отурумдун жүрүшүндө Чотоновдун жактоочусу Марат Эшперов ишти кароодо тергөөчү жана соттор Жазык-процесстик кодексте көрсөтүлгөн талаптарды сакташпаганын айтты.
"Чотоновду айыпкер катары тартуудагы токтомдо анын аракеттери көрсөтүлгөн эмес. Башталганда эле Текебаев, Модин жазылган", - деди Эшперов.
Ошондой эле ал Жогорку Соттон райондук жана шаардык соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, Чотоновду актоо өтүнүчүн келтирди.
Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.
2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту, кийин Бишкек шаардык соту Текебаев жана Чотоновдун ишине байланышкан соттук отурумдарга журналисттерди киргизгени менен, процессти видео жана сүрөткө тартууга тыюу салган.