Дүйшөнкул Чотонов: "Тергөө маалында Текебаевге каршы көрсөтмө берсең, күбө катары кутулуп кетесиң дешкен"

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө Чотонов көрсөтмө берип жатып айрым адамдар ага "Тергөө маалында Текебаевге каршы көрсөтмө берсең, күбө катары кутулуп кетесиң" деп сунушташканын айтты.

"Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө бер" деген сунуш берилип, мен баш тарткандан кийин кылмыш ишине мени да аралаштырып коюшту. Эгер мен каршы көрсөтмө берсем, камалбайт болчумун. Ким сунуш кылганын айтпай эле коёюн", - деди Чотонов.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azatbek83
2017-08-07 16:21:54
Молодец
+6
jbolotov
2017-08-07 17:06:51
Чотонов сенда Т.Акунго окшоп мени иштен кетирсенер жарылам баарын айтып салам дегендей болбой эркексинби позициянды ачык айт, намыс болуш керекда.Баланч тугунчо мени мыйзамсыз корсотмо бергенге басым кылып атат деп ачыгын айт, аныда эл билсин
+3
Tunerbei1812
2017-08-07 20:17:45
jbolotov, Сенин башына дагы ушул кун тушсо корот элек.
+4
jbolotov
2017-08-08 00:07:20
Tunerbei1812, Чотонов Текебаевдерин эмне оз эмгени менен тапкан акчаларынын айынан камалып сурак берип жатты беле? Мамлекеттик акчаларга махинация кылышса ушундай болот, колдору менен кылганды башы менен жооп беришсин. Кытайдагыдай закон болбогонуна суйунушсун
-2
Snejana
2017-08-07 17:16:17
Эмнеге айтпайт, Чотонов камалып атса (жалган, курундай доомат экени чын болсо), башка бироонун айтканын жашыра турган заманбы. Алар Чотоновдун айыбын эмнеге жашырбайт дейм да. Мммда....бир нерсе бар го. "Айтсан мындан да жаман былыгын чыгат" деп коркутушкан онду. Хе хе мына сага саясий экспертке окшоп айттым да койдум, кем калышпай.
0
admiral
2017-08-07 19:11:19
Эмнеге айтпай эле коесун???? Эркек болсон айт да жалпы кыргыз эле билсин, элге кимдер чыккынчы экенин
0
Medina87
2017-08-07 19:44:45
Чотоновдун созун канчалык туура кабыл алайын десем да окшошпой жатат го?
Текебаевге каршы корсотмо берууго ким ундогонун неге айта албайт?
Дагы камалбайт болчум деп коёт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан