СУПЕРСТАН: "Москвада көчө шыпыргыч болуп иштеп, үй-бүлөмдү элден кем кылбай багып келем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүнө Орусиядан кирген колдонуучулар көп. Алар кимдин эмне жумуш кылып жүргөндүгү тууралуу баарлашып, бири-бири менен тажрыйба алмашуу максатында "Москвада ким, эмне жумуш кылат?" деген теманы талкууга алышкан.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Башында Burger King'де 2 ай ашпозчу болдум. Айлыгы аз экен. Ал жактан чыгып, 5 ай тазалагыч болуп иштедим. Кыскасы, ал жакта да "тааныш-билиш, тууган-уругум" деген нерсе бар экен. Ошентип ал жумуштан да чыгып кеттим. Кайрадан 2 ай иш издедим, жол алыс, айлык акысы аз же аябай эле оор иштер. Анан курбум "маникюр, педикюр курстарын оку, кыйналбайсың, ишиң жеңил болот, өзүңө эле ыңгайлуу" деген кеңешин берди. Ошентип ал курска жазылып, бир ай окудум. Иш таап, эми туруктуу бир жерде иштеп жатам".

"Учурда кафе, ресторан, склад (комплектовщик), такси сыяктуу жумуштарда жакшы иштеп жатышат. Дүкөндөрдү билбейт экенмин. Айлык акысын айтсам, кээ бириңер иштеген ишиңерге көңүл кош карап калбагыла. Эми билими барлар фармацевт, инженер-техник, электрик, архитектор кесиптерин аркаласа 40 миңден кем акы алышпайт. Документ жасап да иштегиле, бирок жоопкерчиликти талап кылат. Өзүм келгенде эле бармен болгом, кийин комплектовщик, товар чогултат элек. Негизгиси интернет-дүкөн менен алекмин, документ да жасайм. Кээде досумдун ордуна таксист болуп кетем, кыскасы универсалмын".

"Бала бакчада 2010-жылы ашпозчу болуп 3 ай иштегенден кийин 18ге толо элегимди угуп кетирип жиберишкен. Анан тазалагыч, кийин ошол эле ресторанда официант кылышкан. Ал жакта да 4 ай иштегенден кийин 18ге толуп кел деп жөнөтүп жиберишкен. Кийин мерчендайзер болуп эки жарым жыл иштеп, ага кошумча салтанаттарга официант болдум. Ал жерде Орусиянын паспортун талап кылышкан. Кийин эки жарым жыл бариста, кассир болуп иштедим. Кафе жабылып калды. Учурда дүкөндө кассада отурам, офисти да өзүм тазалап турам. Кудайга шүгүр, жумушум жеңил. Айлык акым 50 миң рублдан жогору болот".

"Келген соң грузчик болуп бир жарым жыл, андан кийин 3 жыл курулушта иштедим. Адал иштин уяты жок, азыр көчө шыпыргыч болуп иштейм, айлыгым 28 миң рубль. Жатакана бекер, "шүгүр" дейм. Үй-бүлөмдү элден кем кылбай багып келем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baltabaev
2017-08-16 16:01:23
18 ге толо элек эмне талаалап калганбызбы
+1
bond
2017-08-16 16:15:08
Бир жолу туну Маяковский метродогу KFC ге кире калсам ичи кыргызстанго кыздар пиводон бастырып хаха тееп жатышат кафеде 5-6 орус калыптыр калганын биздикилер ээлеп алышыптыр. Кассада дагы кыргыз кыздар иштешет барсан эле крылышки менен пиво береинби дейт го. Ойлоп калдым пиво ичкени коп кирет экен деп.
+3
Mital.89
2017-08-16 18:12:51
KFCни Кыргыздар эле байыттып жататко. Кырлышкасы мн пивосун ичип.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан