Аксы районундагы Патрулдук милиция бөлүмүнүн дареги жазылган тактайчадагы 5 сөздө 3 ката бар деп бүгүн, 16-августта окурман SUPER.KG`ге билдирди.
"Кербен шаарындагы Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн жанында Патрулдук милициянын имараты жайгашкан. Ошол имараттын кире беришинде дареги жазылган тактайчада кыргыз тилинин бир нече эрежелери бузулган, 5 сөздө 3 ката бар. Патрулдук милициянын түзүлгөнүнө мына бир жылдан ашып калды. Ошондон бери сабатсыздыктын жарнамасындай болуп ката жазуулары менен турат. Дареги туура жазылбаган түзүмдүн иши кантип туура болсун?!" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.