Бүгүн, 22-майда президент Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Сяоюй Чжаону кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Азия өнүктүрүү банкы менен Кыргызстанда ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуу маселелери талкууланды. “Менин бул сапарым биздин банк башка өнөктөштөр сыяктуу эле Кыргызстан менен кызматташтыкты улантууда чечкиндүү экенин ырастайт. Сиздер билесиздер, бизде жаңы президент шайланган жана ал сиздердин өлкө менен кызматташууга терең маани берет”,- дейт Сяоюй Чжао. Ошондой эле ал Кыргызстан туризмди өнүктүрүүдө кеңири мүмкүнчүлүккө ээ экенин жана АӨБ бул багытта колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады. Өлкө башчы С.Чжаого Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин акыркы отурумунда өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктире турган кошумча унаа жолун куруу долбоор камтылган маанилүү долбоорлор каралганын билдирди.