Орусиялык ырчы Нюша турмушка чыкканын расмий тастыктады

Буга чейин орусиялык ырчы Нюшанын турмушка чыкканы, жадакалса кош бойлуу экени тууралуу ушак кептер айтылып келген эле. Бул сөздөргө чекит коюуну туура көргөн ырчы турмушка чыкканын бүгүн, 21-августта өздүк баракчасы аркылуу расмий тастыктады.

"Мен турмушка чыкканымды расмий билдирем. Жеке жашоом жөнүндө эч качан айтпагандыктан бул окуяны да кылдат жашырып келдим. Эми айтууга убакыт келди", - деген Нюша фотосессия учурунда жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.

Ал эми ырчынын жолдошу - Орусиянын Эл аралык студенттик спорт федерациясынын башкы кеңешчиси, 37 жаштагы Игорь Сивов.

Эске сала кетсек, июнь айында Нюша турмушка чыгууга кызуу камданып жатканы жана үлпөт тоюн Мальдив аралдарында өткөрөрү, ал жакта эки жаштын жакын адамдарынын гана коштоосунда өтөрү айтылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mentol
2017-08-21 08:30:56
Классная пара.
+4
mbmur
2017-08-21 09:07:57
Жакшы кыз да Нюшка
+3
Mikra
2017-08-21 09:19:17
Нюша молодец.кайрымдуулук фонттордон эч отказ кылбаган кыз.менин кайн эжемдердин 1жарым жаштагы баласына 500мин рубуль которгон операциясына.Россияда операция болдуле байкуш чыкпай калды операциядан.Нющка мы тебя уважаем.ты супер.будь счалив.от Бишкека.
+18
nursiyanur
2017-08-21 16:14:59
Mikra,Байкуш наристе
+2
Mikra
2017-08-21 18:34:50
nursiyanur,рахмат.
0
Janyl9399
2017-08-21 09:22:31
Бактылуу болсундар!
0
General.kg
2017-08-21 10:43:53
Бактылуу болсун! Баланын жытына башы тегеренип жүрө берсин девелее:))
+2
ulua
2017-08-21 11:31:31
Егор Крид эмне эле буркурап ыйлап ырдап журот десее))),бул чыгып кеткен турбайбы, Нюша акылдуу кыз ким мн келечегин коро алса ошого чыкты да, Егор тем более кичинекей болчу, эртен далай кызга алмаштарып Нюшаны ыйлатмак!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан